АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 26 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 6-кылымдын 80-жылдарында төмөнкү Согда аймагында жергиликтүү жер ээлерине жана соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы боюнча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-жылы көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.