АБОНЕМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБОНЕМЕНТ (фр. abonnement – чектөө) – белгилүү бир мөөнөткө кандайдыр бир нерсени (мисалы, китепкана кызматын, театр же стадиондогу орунду, телефон номерин ж. б.) алдын ала акы төлөө менен пайдалануу укугу жана бул укукту күбөлөндүрүүчү документ. Абонемент – окурманга китепканадан алынган басма сөз чыгармаларын белгилүү мөөнөткө пайдаланууга укук берет.