АБЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЛЯЦИЯ (соңку лат. ablatio – алып коюу) гляциологияда – мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн ж. б.) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички жана үстүнкү абляция болуп бөлүнөт. Түпкү абляция жердин ички жылуулугунан жана муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички абляция муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн жана суу менен абанын муз арасынан өтүшүнөн, үстүнкү абляция күн радиациясы менен абанын жылуулугунан пайда болот.