АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан (17.8.1965, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы – 1989, ошол эле жерде) – спортчу, бокс боюнча СССР спортунун чебери, кыргыз жигиттеринен алгачкы эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин (1984-86), Европанын (1985) чемпиону. КМУнун юридика факультетин бүткөн. Бокс менен 10 жашынан машыккан. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.