АБДРАИМОВ Апсамат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Апсамат (1929-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Сарыпар кыштагы) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1947-жылдан Ош облусунун

Файл:АБДРАИМОВ 119.png

Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздун пахтачылык звеносунун башчысы. 1961-жылдан пахта өстүрүүчү механикалаштырылган комплекстүү бригаданын бригадири. Ал башкарган бригада 1964-жылы 110 га жердеги пахтанын ар гектарынан 34,5 цден, 1965-ж. 33,1 цден пахта жыйнап алган. 1963–67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1966–70-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.