АБА МУЗДАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:20, 11 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА МУЗДАТКЫЧ– өнөр жайларда, үй-тиричилигинде абаны муздатуучу, температура алмаштыруучу аппарат. Абаны муздатуунун негизги үч системасы бар: 1) түздөн-түз муздатуу – муздатуучу агент (аммиак, фреон) муздаткыч камераларынын капталдарында орнотулган батареялар аркылуу акканда, ал камерадагы абанын жылуулугун өзүнө тартып алат; 2) туздардын эритмелери менен муздатуу - эритмелерди же сууну форсунка менен чачыратканда аба муздайт; 3) айкалыштырылган муздатуу – жогоруда аталган эки түрдөгү аппараттардын принциптери бирге иштетилет. Аба муздаткычы кургак жана буулуу болуп бөлүнөт. Муздатуу техникасында фарфор шакекчелүү муздаткыч кеңири таралган.