«АЙГЫР ЖЫГАР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЙГЫР ЖЫГАР» – үйлөнүү тоюнда аткары­луучу жөрөлгө. Кызды күйөөгө узатууда анын сиңдилери күйөө баланын (жездесинин) жолун тороп, жөрөлгөсүз кетирбей убара кылышкан. Күйөө бала аларга белек берип кутулган. «Айгыр жыгар» көбүнчө кыргыздардын түндүк урууларынын үйлөнүү тоюнда аткарылган.