КОҢГУРОО ГҮЛ
КОҢГУРОО ГҮЛ (Campanula) – өсүмдүктөрдүн коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки ж-а көп жылдык чөп же чала бадал. Гүлү коңгуроо сымал, түсү көк, кызгылт көк, ак ж. б.

300гө жакын түрү белгилүү, Кыргызстанда 7 түрү кездешет. Бөксө, бийик тоолордо, боздоңдо, шалбаада, тескей беттердин таш арасында өсөт. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт. Кыргызстанда коңгуроо гүлдүн жазында гүлдөөчү бир ж-а эки жылдыгы, жайында гүлдөөчү көп жылдык түрү гүлзарда кооздук үчүн өстүрүлөт.