КОРГООЧУ ТОКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГООЧУ ТОКОЙ – түрдүү объектилерди та­бияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу та­бигый ж-а атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин ат­карат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмары­нын хим. курамына оң таасир тийгизет. Бийик тоолуу жерде өскөн токой кар көчкүдөн, сел­ден, тоо топурагын эрозиядан, чөлдүү жерлер­дин чет жакаларындагы токой пайдаланып жаткан а. ч. жерин шамал учуруп келген кум­дан коргойт, дарыя жээгиндеги токойлор суу­нун жерге сиңишин жакшыртып, жер астында­гы суунун запасын толуктайт, көлмө жээгинде­ги токой балык урук таштоого жакшы шарт түзөт. Токой топуракты эрозиядан, шамалдын а. ч-на тийгизүүчү терс таасиринен сактап, аба­ны ар кандай чаңдан тазартат ж. б. К. т. жол, канал ж. б. объектилерди шамал учуруп келген кар, кум ж. б-дан сактайт, жер кыртышынын эрозияга учурап, аң-коктулардын пайда болу­шуна жол бербейт; катуу шамалды басаңдатат.