КОНФОРМ ГЕОМЕТРИЯСЫ
КОНФО́РМ ГЕОМЕТРИЯСЫ – геометриянын өзгөртүүлөргө (конформдук чагылдыруу, б. а. бир бетти экинчи бетке чагылтуу) салыштырмалуу инварианттуу фигуранын касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Багыттар ортосундагы бурч К. г-нын негизги инварианты болуп эсептелет. К. г.– чексиз алыстатылган (өздүк эмес) бир чекит м-н толукталган евклиддик мейкиндикте аныкталган, сфераны сферага которуучу чекиттик өзгөртүүлөрдүн фундаменталдуу тобу бар геометрия. Бул мейкиндик конформ мейкиндиги, ал эми фундаменталдуу топ конформ өзгөртүүлөр тобу деп аталат. Конформ мейкиндигинде тегиздик чексиз алыстатылган чекит аркылуу өтүүчү сфера болот. К. г-нын аныктамасы ар кандай сандагы мейкиндик үчүн жарактуу. Эки өлчөмдүү мейкиндикте сферанын ордуна тегерек (айлана) ж-дө сөз болот. Конформ өзгөртүүлөрүнүн жеке учурлары – кыймыл, окшоштук ж-а инверсия. К. г-га матем. анализ ыкмаларын (методдорун) пайдалануу конформ дифференциалдык геометриянын түзүлүшүнө алып келген.
Ад.: Бушманова Г. В., Норден П. Элементы конформной геометрии. Казань, 1972.