КЮРИЙ
КЮ́РИЙ (лат. Curium), Сm – элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы актиноиддерге кирүүчү жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү химиялык элемент. Атомдук номери 96, атомдук массасы 247. Кюрийдин массалык сандары 238Cm – 252Cm болгон 15 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 247Cm. Аны Т. Сиборг, А. Гиорсо, Р. Жеймс ж-а А. Морган ж. б. америкалык окумуштуулар плутонийди y – бөлүкчөлөр м-н бомбалоодон алышкан.
Пьер ж-а Мария Кюрилердин атынан аталган. Кюрий – күмүш түстүү жалтырак металл; эрүү t 1340оС; кайноо t 2607оС; бирикмелеринде +2,+3, +4 ж-а +6 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. Кюрий суутек, кычкылтек ж-а галогендер м-н өз ара аракеттенип, гидриддерди, кычкылдарды, галогениддерди пайда кылат, Кюрий күчтүү калыбына келтиргич, активдүү металл. Космосту изилдөөдө, электр тогунун генераторлорунун тетиктерин жасоодо колдонулат.