БАТЫРБАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРБАЕВА Шайыркүл Джолдошевна [08. 03. 1960, СССР, Кыргыз ССРи, Жети-Өгүз району (Ысык-Көл облусу), Чычкан айылы)] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2010), профессор (2011). 1983-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1986-жылдан Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окутуучу, доцент, 1999-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, кафедра башчысы. 2005-жылдан Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин тарыхый информатика лабораториясынын башчысы. «Тарых жана компьютер» эл аралык ассоциациясынын мүчөсү. 80ден ашуун илимий эмгектин (анын ичинен беш монографиянын, 3 патент, 4 окуу методикалык колдонмо) автору. Россия Федерациясынын Пушкин медалы менен сыйланган.