КУРТ-КУМУРСКАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРТ-КУМУРСКАЛАР (Insecta) – омурткасыз жаныбарлардын муунак буттуулар тибиндеги классы. К.-к. - филогенездик жактан кѳп буттууларга жакын, туру ѳтѳ кѳп жаныбарлар. Азыркы мезгилде К.-к-дын 1 млндон ашык туру белгилүү жана алардын дээрлик бардыгы изилденип жазылган. Уз. 0,2 ммден 33 смге чейин жетип, сырткы скелети - кутикуласы бар жана ага кыймылдуу булчуңдар биригет. К.-к-дын тусу кутикуладагы же анын астында жайгашкан гиподермадагы пигменттин курамына, ал эми кѳпѳлѳктѳрдун канатынын тусу кабырчыктардын ультра тузулушунѳ байланыштуу. Сегменттелген денеси баш жана курсак бѳлугунѳн турат. К.-к-га бир жуп мурутча (антенна), кѳкурѳгундѳ уч жуп муунактуу буттар мунѳздуу. Дем алуусу кѳбунчѳ ткандагы тери тутукчѳлѳру - трахеялары, айрымдарында тери аркылуу ишке ашат. Жетилген К.-к-дын баш бѳлугундѳ эки татаал же фасеттуу кѳздѳру жана уч жѳнѳкѳй кѳзчѳлѳру жайгашкан. Формасы жана ѳлчѳму ар турдуу мурутчалары сезуу органынын кызматын аткарат.
Оозу кемируучу, соруучу же сайып-соруучу тип-

Курт-кумурскалар: 1 - кѳк муйуз куйрук (ургаачы-сы); 2 - мырза карагай таарыгычы; 3 - кадимкисары аары; 4 - махаон, 4а - эжеке бээ саасы; 5 -апполон; 6 - чоң шайтан калдыркан; 7 - сасык сый-да коңуз; 8 - кара суучул коңузу; 9 - бугу коңуз;10 - ири ызылдак коңуз; 11 - эл кайда кѳчѳт; 12 -бразилия узун бут арлекини; 13 - африка голиафы;14 - кампа кенеси; 15 - аргас кенеси; 16 - канатсызкызыл кене; 17 - италия кенеси;

те. Ар бир кѳкурѳк сегментинде бир жуптан 5 мучѳлуу буту болуп, алар жугуруу, сузуу, секируу, казуу ж. б. кызматтарды аткарат. Ал эми канаттуу К.-к-дын ортоңку жана арткы кѳкурѳк бѳлугундѳ бир жуптан канаты жайгашат. Курсак бѳлугундѳ (эркектеринде копуляция органы, ургаачыларында жумуртка салгыч) азык сиңируу системасынын кѳпчулук бѳлугу, кан айлануу, бѳлуп чыгаруу жана жыныс системалары орун алган. К.-к-га татаал нерв системасы жана абдан ѳѳрчугѳн сезуу органдары мунѳздуу. Алар дээрлик кургакта жашайт. К.-к. азык зат тандоого, жыныс ѳнѳгун так аныктоого, тукуму учун кам кѳруугѳ, убакыт жана мейкиндик бирдигинде татаал багыт алууга жѳндѳмдуу. Аарылар, кумурскалар, термиттер коомдошуп тиричилик ѳткѳрушѳт. Мында коом мучѳлѳрунун ортосунда маалымат алмашуу, «эмгекти» бѳлуштуруу жогорку деңгээлде жолго коюлган. К.-к-дын ѳѳрчуусу метаморфоз аркылуу ишке ашып, толук эмес же толук кубулуу мунѳздуу. Жумурткадан личинка чыгып, ал бир нече жолу тулѳгѳн соң, жетилген курт-кумурска - имагого айланат. Толук эмес кубулуучу К.-к-дын личинкалары имагого окшош, бирок ѳлчѳму кичине болуп, канаттары жетилбеген (же канаттуу) формада болот. Ал эми толук кубулуучу К.-к-дын личинкалары имагого такыр окшобойт жана жетилген формага айланардан мурда куурчакча стадиясын басып ѳтѳт. Ѳтѳ тукумчулу тез ѳѳрчүйт (жылына 10 муунга чейин). К.-к. гүлдүү ѳсүмдүктѳрдү чаңдаштырат, заттардын айлануусунда жана топурак пайда кылууда маанилүү, алар менен башка жаныбарлар азыктанат. К.-к.- талаа жана токой зыянкечтери, жаныбар жана кишинин мителери, оору козгогучтар, кампа жана музей зыянкечтери. Ал эми бакма түрлѳрү (бал аары жана тыт жибек кѳпѳлѳгү), маданий ѳсүмдүктѳрдү чаңдаштыруучулар, экскрементти жана жаныбар калдыктарын арылтуучулар, башка К.-к. менен азыктануучу энтомофаг К.-к. (чабармандар, тахиналар, дуулдактар ж. б.) киши тиричилигинде пайдалуу. К.-к-дын 16 түрү КРдин Кызыл китебине катталган.


Ад.: Бей-Биенко Г. Я. Общая энтомология. М. 1971. Т. К. Калтаев.