КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ Н С ООН – эң жөнөкөй, бир негиздүү карбон к-тасы, мол. салм. 46,03; кескин жыттуу түссүз суюктук; эрүү t 8,25°С; кайноо t 100,7оС. К. к-нын аба менен болгон аралашмасы (1:6 жана 1:2) жарылуу коркунучун туудурат. Суу, диэтил эфири, этанол менен бардык катышта аралашат. Бензолдо ченемдүү эрийт. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. К. к-нын калдыгын формил, анын туздары формиаттар деп аталат. К. к. – күчтүү щелочь, тамчысы териге тийсе жаралантат. Табиятта кеңири таралган, карагайдын жана чалкандын курамында, кумурсканын жана аарынын уюгунда кездешет. Бул к-та биринчи жолу ку­мурска бөлүп чыгарган суюктуктан алынган. Карбоксил тобу углеводороддук радикал менен эмес, суутек атому менен байланышкан үчүн башка к-талардан айырмаланат. Бир жагынан али­фаттык к-талардан күчтүрөөк, экинчи жагынан, альдегиддерге мүнөздүү калыбына келтиргич касиеттерге ээ. Метанды катализдик окистендирүү менен, о. эле көмүртектин кычкылынан жана суудан түз синтездеп алуу жолдору белгилүү: СО + Н2О –НСООН. К. к. кездеме боёодо, табигый каучук алууда, коагуляциялоочу каражат катары медицинада (кумурска спирти) колдонулат.