КУЛЬТИВАТОР
КУЛЬТИВА́ТОР (лат. cultus – иштетүү, жерди айдоо) – өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуучу, отоо чөптөн арылтуучу, жер семирткич чачуучу а. ч. шайманы. К-дун чиркеме жана асма түрү бар. Көбүнчө асма К. чыгарылат. Анын түзүлүшү жөнөкөй; жеңил жана оңой тейленет. Буулантма К. (топуракты текши жумшартуучу), отомо К. (катар аралыкты иштетүүчү) жана универсалдуу

К-го (топуракты жумшартып, жер семирткич чачуучу) бөлүнөт. К-дун негизги бөлүктөрү: рама, тилгич калак, өсүмдүк азыктандыргыч, түптөгүч, тереңдикти жөнгө салуучу механизм, эки таяныч дөңгөлөк, учтуу диск, илиништиргич, жөөк салгыч, жумшарткыч, мала чиркештиргич, серпилгичтүү (пружиналуу) мала. К-дун ширетме констр-сындагы рама тик бурчтуу формада. Раманын алды жагында жөөк салгыч орнотулат. Кыртышты жалпы иштетүүдө негизги жумушчу шайман катары универсал же жебе сымал калак тиштер колдонулат. К-дун универсалдуу жумшарткычы отоо чөптөрду кесип, кыртышты жумшартат. Отоо чөп анчалык көп болбогон жерде алдынкы эни 270–330 мм жумшарткыч, отоо чөптүү жерлерде эни 145–330 мм жумшарткыч орнотулат. Жаа сымал эки миздүү К. отоо чөптөн арылтып, топурактын үстүнкү катмарын 4–8 см тереңдикте жумшартып, минералдык жер семирткич чачат. Топуракты жумшартууда кол эмгегин аз жумшоо үчүн К. айланып иштөөчү тетик жана отоочу мала менен кошумча жабдылат. Мында өсүмдүккө зыян келтирбөө үчүн К-го диск жана калканч орнотулат.