КУДАЯРОВ Дүйшө

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЯРОВ Дүйшө (26. 4. 1939-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну) – медицина илимд. доктору (1981), проф. (1984). КР УИАнын академиги (2000). КР мамл. сыйл. лауреаты (1992). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери

(1995). КММИни бүтүргөн (1962). Кыргыз акушердик жана педиатрия ИИИде улук ил. кызматкер, бөлүм баш­чы, директордун орун ба­сары жана 1992–2004-ж. ди­ре к т ору , 1988-жылдан КММИде кафедра башчысы болуп иштеген. 2007-жыл­дан КР УИАнын вице-пре­зиденти. Педиатрия б-ча адис. Көптөгөн эл аралык педиатрлар коому­нун жана ассоциацияларынын мүчөсү. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын 1-пре­зиденти (Түркияда шайланган). 220дан ашык ил. эмгеги, а. и., 13 монография, 36 окуу кура­лы жана методикалык колдонмо, 5 ойлоп табуу­су бар. III даражадагы «Манас», Элдердин дос­тугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Эмг.: Физиологические особенности крови новорож­денных детей. Ф., 1983; Принципы индивидуализации кортикостероидной терапии у детей. Ф., 1986; Гематологическая оценка адаптационных возмож­ностей организма человека. Б., 1993; Внутритробные инфекции у новорожденных детей (окуу курал). Б., 1995.