КУДАЙБЕРГЕНОВА Индира Орозбаевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРГЕНОВА Индира Орозбаевна (24. 3. 1956-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – медицина илимдеринин доктору (1994), профессор (1997). КММИни (1979),ошол эле институттун аспиран­турасын (1988) бүтүргөн. Республикалык клиникалык ооруканада

врач, 1983–85-ж. кли­никалык ординатор, 1988–91-ж. госпиталдык хирур­гия кафедрасында ассис­тент, 1994–97-ж. КММАда проф., 1997-жылдан кафед­ра башчысы жана Кыргыз он­кология жана радиология ИИИде директор, КММА-нын ректору (2008–09). Онкология, маммоло­гия жана пластикалык хирургия боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 3 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Значение компьютерной томографии в тора­кальной хирургии (в соавторстве). Ф., 1989; Опухоли грудной стенки, клиника и хирургия, тактика при них (в соавторстве). Ф., 1987; Атлас пластических операций на грудной клетке с использованием эндо­протезов (в соавторстве). Б., 1994.