КРИСТАЛЛДАР
КРИСТАЛЛДАР (гр. krestallos – муз) – атомдору же молекулалары иреттүү, мезгилдүү кристалл торчону түзгөн, табигый формасы туура көп грандыкка ээ катуу заттар. Тең салмактуу шартта өстүрүлгөн К-дын атомдук түзүлүшү симметриялуу болгондуктан, анын тышкы формасы да симметриялуу, о. эле башка заттардан негизги айырмасы – ани-

зотропия касиетине ээ. Кристалл торчонун формасы б-ча К-дын симметри яс ын жана с инг ония түрүн аныктоого болот.
К. – катуу нерселердин
тең с алмактуу абалы. Белгилүү темп-рада жана басымда кристалл абалындагы ар бир затка белгилүү атомдук структура туура келет. К-дын структурасы сырткы

шарт өзгөргөндө
өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк табигый жана тех. катуу мат ериалдар поликристалл б ол уп эсептелет, алар баш аламан жайгашкан көптөгөн май да кр ис т ал л данчал арынан (кристаллиттерден) турат. Мис., тоотек, тех. металлдар, металл куймалары. Ал эми түзүлүшү тийиштүү формадагы кристалл торчосундагы айрым заттын К-ы монокристалл деп аталат. Техникада жана ил. иштерде колдонулуучу түрдүү К. з-ддордо жана лабор-да заттын суюк же көлкүлдөк эритиндисинен өстүрүлүп алынат (к. Кристаллдашуу). К. табиятта салмагы жүздөгөн кгдан (мис., кварц, флюроит) эң майда өлчөмдө (мис., алмаз) кезигет. К. табигый татаал зат – белоктон, атүгүл вирустан да өстүрүлүүдө. К. радиотехникада, жарым өткөргүчтүү квант электроникасында колдонулат.