КРИСТАЛЛ ФИЗИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТА́ЛЛ ФИЗИКАСЫЛЛЛлл– физиканын крис­талл абалындагы заттардын, анизотропиялуу чөйрөнүн физикалык касиеттерин жана ал касиеттер­дин сырткы таасирлерден өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүмү. Көптөгөн физикалык кубулуштар кристалл заттарга гана тиешелүү. Алсак, жарык нурунун кристаллда ача (2 багытка) сынышы, түз жана тескери пъезоэффекттер, электр оптикалык эф­фекттер ж. б. Кристалл физикасында кристаллдардын физикалык касиеттерин сандык жактан мүнөздөө үчүн мат­рицалык, тензорлук эсептөө жана группалар тео­риясы деген матемематикалык аппараттар колдонулат. Кристаллдардын касиеттери багыттарга көз ка­ранды (анизотропия), бирок симметриялары эквиваленттүү багыттар боюнча бирдей. Ошого ка­рабастан кээ бир касиеттери (мисалы, тыгыздык) багытка көз каранды эмес жана скалярдык чоң­дуктар менен мүнөздөлөт. Кристалл физикасы катуу заттардын физикасын, кристалл химиясынын маселелерин изилдейт. Кристалл физикасында эң негизги орунду реалдуу кристаллдар физикасы ээлейт, башкача айтканда кристаллда­гы ар түрдүү дефектилердин (чекиттик дефекти­лер, вакансиялар, дислокациялар ж. б.) крис­таллдардын физикалык касиеттерине тийгизген таа­сирлерин үйрөтөт.