КРИСТАЛЛ ТОРЧОСУ
КРИСТА́ЛЛ ТОРЧОСУ – атомдор, иондор жана молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (x, y, z) б-ча жайгашып, мезгилдүү түрдө кайталанып турган (түз же кыйгач бурчтуу параллелепипед түрүндө) кристалл мейкиндигиндеги бөлүкчө. Ушуга ылайык кристаллдар атомдук, иондук жана мол. болуп бөлүнөт. Атомдук кристаллдар туруктуу, эң катуу жана эрүү темпрасы жогору болот (алмаз, кремний, металл карбиддери ж. б.). Иондук кристаллдарга оксиддер, ар түрдүү туздар, щелочтор өңдүү курамдары иондордон (катион, анион) турган заттар кирет. Металлдык кристаллдардын атомдору арасында жеңил кыймылга келе турган электрондор жайгашкандыктан, электр тогун жакшы өткөрүүчү заттар. Мол. кристаллдардын түйүндөрүн негизинен молекулалар ээлеп, алардын ортосунда ван күчтөрү (начар байланыш) аракеттенет.