КРЕКИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕ́КИНГ (англ. cracking – бөлүү) – нефтини жана анын оор фракцияларын жогорку темп-рада кайрадан иштетүү процесси. Анда биринчи реак­циясында С–С байланышы үзүлүп, Н, СН3, С2Н6 радикалдары жана алкендер алынат. Радикал­дар баштапкы углеводороддун молекуласы менен аракеттенип, Н2, СН4, С2Н6 пайда кылуу менен бир­ге чынжырлуу реакция андан ары уланат. К-де дегидрирлөө, изомерлөө, полимерлөө жана кон­денсация процесстери да жүрөт. Процесстер тер­миялык жана катализдик болуп бөлүнөт. Реак­цияда газдар, суюк углеводороддор жана кокс пайда болот. Гудрондон 500–600°Сде 60–70%ке чейин нефтинин жеңил продуктулары, 20%ке чейин кокс алынат. Нефтинин жеңил продук­туларын кайра иштетүүдө мотор отуну чыгат. Ал эми кокс болсо электроддорду даярдоодо кол­донулат. 600–700°Сде нефтинин оор продукту­ларынан 50%ке чейин этилен, пропилен жана ароматтык углеводороддор алынат. Бул заттар хим. ө. ж-нда баштапкы сырьё катары колдону­лат. Катализдик К-де катализатордун катышуу­сунда, нефтинин кээ бир фракцияларын аба­сыз шартта 450–520°Сде, 2–3 атм. басымда ысы­тып бензин, дизель, керосин, газойль фракция­лары алынат.