КӨБҮРГӨН
КӨБҮРГӨН , п а н а р и ц и й – манжа ткандарынын ириңдүү сезгениши. Манжанын тырмак тушундагы кесилген, сыйрылган, тикен кирген жер аркылуу ириңдетүүчү микроб киргенден К. териде, тырмак астында, түбүндө (үстүнкү) ж-а тарамышта, муун сөөктө, тери астында (терең) пайда болот. Үстүнкү К-дө теринин эпидермис катмары ириңдейт. Тырмак жанындагы К-дө анын түбү кызарып, ириңдейт. Ириң тырмак астына өтүп кетсе, ал тырмакты алып салмайынча айыкпайт. Терең жайгашкан К. манжанын ички жагындагы тери астынан башталат. Ал жерде тери калың болгондуктан, ириң сыртка чыга албай, ал тарамыш, муун, сөөккө чейин өтүп кетиши мүмкүн. Тери астындагысы такай сайгылашат, түнкүсүн ооруйт, сезгенүү муунга же тарамышка тарап кетсе, манжа кыймылдабай калат. Ириңдетүүчү микробдор лимфа ж-а кан тамырлар аркылуу тарап, ар кайсы орган м-н ткандарды сезгентет ж-а сепсис пайда кылышы мүмкүн. Ал көпкө айыкпаса, сезгенүү алакан, каруу, билекке өтүп, оор хирург. операция жасоого туура келет. Алдын алуу үчүн өндүрүштө ж-а үй тиричилигинде жеке тазалык эрежелерин сактоонун мааниси чоң.