КИЯЗОВ
КИЯЗОВ Кемелбек Абдыкадырович (16. 4. 1956- ж. т., Чүй обл., Панфилов р-ну, Эркин-Сай кыш.)

– милициянын генерал-майору (2006). ФПИни (1982), КМУну (1994), СССР ИИМ Саратов жогорку курсун (1985) бүткөн. 1986– 94-ж. Панфилов р-ндук ички иштер бөлүмүндө соц. менчикти уурдоого, алып сатарлыкка, экон. кылмышка ж-а коррупцияга каршы күрөш бөлүмдө-
рүнүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1994–99-ж. Панфилов, Жайыл р-ндук ички иштер бөлүмдөрүндө начальниктин орун басары, 1999–2002-ж. Ала-Бука р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальник, 2002–
04-ж. Жалал-Абад обл. ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, 2004– 08-ж. Чүй обл., 2008–10-ж. Жалал-Абад обл.
ички иштер башкармалыктар начальниги болуп иштеген.