КЕНЕНСАРИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЕНСАРИЕВ Ташманбет (5. 9. 1949-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Суу кыштагы) –

тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (1999), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызмат­кер (2008). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1968), КМУну (1978) бүткөн. 1970–73-жылдарда Жаңы-Жол районундагы Аб­дыкалык атындагы орто мектеп­те мугалим, 1978–79-жылдарда ММУда стажёр, 1979–85-жылдарда КМУда окутуучу, 1985–99-жылдарда ОМПИде (кийин ОшМУ) бө­лүм башчы, тарых-укук таануу факультетинин деканы, улук илимий кызматкер, доцент, 1999–2006-жылдарда окуу иштери боюнча проректор, 1-про­ректор, 2006–07-жылдарда КРдин Президентинин ал­дындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары, 2007– 09-жылдарда КРСУда проректор, 2009–10-жылдарда ЖАМУнун ректору болуп иштеген. Кокон хандыгынын та­рыхына арналган 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография, 3 окуу китеби, 16 окуу­ методикалык көрсөтмө) автору. Англиядагы (Кембриж) эл аралык биография борбору «2005-жылдын көрүнүктүү педагогу» наамын ый­гарган.