КЕНДИРБАЕВ
КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга качып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пишпек шаарларында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оорукана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп курулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылынган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа м-н камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.