КОШ ПРОЦЕССОР
КОШ ПРОЦЕ́ССОР (англ. coprocessor – копроцессор) – компьютердин кубаттуулугун чоңойтуучу микропроцессор. К. п. белгилүү бир маселени иштетүүнү тездетүү максатында түзүлөт. Матем. К. п. сан амалдарын тез аткарууга көмөктөшөт. Айрым К. п. графиктик маалыматты көрсөтүүнү тездетүүдө, айрымдары байланыш-катышты жүзөгө ашырууда колдонулат.