КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1916-жылы Жети-Суу облусундагы улуттук боштондук кыймылдын (к. Үркүн) очогу. Кээ бир маалыматтарда «Ал­бан Бугу» көтөрүлүшү деп да аталган. 1-дүйнөлүк согушка байланыштуу жергиликтүү элден аскердик­ оорук иштерине алуу үчүн 1916-жылы 25-июнда чыккан падышанын буйругуна ылайык 6-июль күнү «Нарынкол–Чарын» приставынын началь­ниги Подворков 13 болуштун билермандарын жыйнап, аны аткарууну талап кылган. Жы­йылган эл акылдашып, 3–4 күндөн кийин жооп берүүгө макул болушкан. Алар 10-июлда Кар­кыранын Каман-Карагай деген жеринде жыйын өткөрүп, адамдарын оорук иштерине бербейбиз деген чечимге келишкен. Бул кабар жеткенден кийин Подворков казак-орус отрядын баштап келип, жыйынга катышкандардын баарын тут­кунга алып, Каракол түрмөсүнө камаган. Жы­йын башчысы Жамаке Мамбет уулуна уу берип өлтүрүлүп, калганы Каракол уездинин башчы­сы полковник Ивановдун буйругу м-н 8-август­та атууга буйрулган. Натыйжада, Каркыра жай­лоосунда көтөрүлүш башталган. 11-августта кө­төрүлүшчүлөр Жылаңач станциясын талкалап, Келгиндер башкармалыгынын бир нече кызмат­кери өлтүрүлгөн. 16-августта Каркыра жарман­кесин басып алышкан. Сентябрда көтөрүлүш Верный, Жаркент, Лепси, Каракол уездерине та­раган. Каркыра көтөрүлүшү падыша өкмөтү тарабынан түзүлгөн жазалоо отрядынын жардамы м-н сентябрдын аягы – октябрдын башында аёосуз басылган.
Жазалоочу отряд көтөрүлүшкө катышкандарды куугунтуктап, Кайкы ашуусунда кырган. Ар­хивдик маалыматтар боюнча кыргыз-казактардын жүзгө жакын айылдары талкаланып, 373 үй өрттөлсө, 684 адам жарадар болуп, 1905 адам окко учкан. 1105 киши туткунга түшүп, да­йынсыз жоголгон. Көтөрүлүшкө чейин Жети-Суу облусуннда 84 854 түтүн эл жашаса (Пишпектен башка 5 уездде), көтөрүлүштөн кийин бул жер­де 53 миң гана түтүн калган. Падыша өкмөтү 171 адамынан ажыраган.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и траги­ческие страницы. Б., 1997; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. басы). А., 2007.

Э. Турганбаев.