КАҢГҮЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАҢГҮЙ , К а н г х а, К а н г д и з – Орто Азиядагы байыркы мамлекеттик бирикме. Ал Арал деңизи, Аму- Дарыя ж-а Сыр-Дарыя, Хорезм, Ташкент, Та­лас суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мам­лекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары ж-а Даван мамлекети м-н элчилик, соода ж-а маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын ортосунда кытайларга каршы хунндар м-н союздашып, б. з. 1-кылымында кушандар м-н ма­милесин жөнгө салып, Каңгүй падышасы кызын Ку­шан мамлекетинин башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм ж-а Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери Кы­тайдын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. Каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, кара калпак ж. б.) жуурулушуп кеткен.

Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998.