КАНСЫЗ СОГУШ
КАНСЫЗ СОГУШ – дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР ж-а башка социалисттик өлкөлөр м-н АКШ ж-а анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Германия, Италия ж-а Япониянын жеңилиши м-н дүйнөдөгү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки держава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын ж-а плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эмбарго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу м-н мүнөздөлгөн. Кансыз согуш Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизмдик идеологияга басым жасалышына байланыштуу эки системанын (к. Капитализм, Социализм) карама-каршылыгы күчөп, акыры пролетариаттын жардамы м-н социализм жеңет ж-а коммунизм орнойт деген илимий көз караш аркылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнөдөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (биполярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У. Черчиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө социалисттик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядролук (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), водороддук бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика согуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардамдашуу кеңешин (СЭВ) ж-а Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР м-н ГФРге (1949) ж-а Кореянын Түндүк, Түштүк болуп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жылдардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьетнамга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеологиядагы келишпестик ж-а кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баштаган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, космосто ж-а сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ м-н СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) ж-а ракетага каршы коргонуу (ПРО) келишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши ж-а АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоодон баш тартышы м-н эки мамлекеттин мамилеси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү болгон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кайра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (куралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылышы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чыгыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышына шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш м-н Батыштын ортосундагы эл аралык мамиленин курчушун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар негизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу кансыз согуш токтогон.