КОШ УРУКТАНУУ
КОШ УРУКТАНУУ – гүлдүү өсүмдүктөргө гана
таандык жыныс процессинин бир түрү. Мында
өсүмдүктөрдүн түйүлдүк кабындагы энелик клетка м-н борб. ядро бир мезгилде уруктанат. 1898-ж. орус илимпозу Г. С. Навашин ачкан. Урук пайда болушу үчүн гүлдүү өсүмдүктөрдө К. у. жүрөт. Чаңча түтүкчөсүндөгү эки спермийдин бири энелик клетканы, экинчиси түйүлдүк кабынын борб. ядросун уруктандырат. Уруктанган энелик клеткадан – түйүлдүк, ал эми борб.
ядродон азык тканы – эндосперм калыптанат.
Уруктанууга катышкан клеткалардын ядролору интерфаза абалында болот. К. у. урук бүчүрдүн, уруктун калыптануусун тездетет, о. эле өсүмдүктүн тукум куума касиети жакшырып, тиричиликке, чөйрөгө ылайыкташуусу жогорулайт.