КСЕРОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕРОФИТТЕР (гр. х–гjs – кургак, phytjn – өсүмдүк) – кургакчыл, ным жетишсиз жерде өсүүчү, ысыкка чыдамдуу өсүмдүктөр. К. көбүнчө талаа, чөл, боздоңдо өсүп, кургакчылыкка өсүүгө ыңгайланышына жараша айырмаланат. С у к­к у л е н т т е р (кактус, алоэ, агава ж. б.) ткандарына суу топтоп, кургакчыл мезгилде аларды акырындык менен үнөмдүү сарптайт. Г е­м и к с е р о ф и т т е р (мисте, төө тикен ж. б.) – тамыры өтө терең кетип, нымды жер тереңинен алат. П о й к и л о к с е р о ф и т т е р – негизинен өзүнүн суу режимин жөнгө салалба­ган жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр (эңилчек, мамык чөп ж. б.). Суусуз калышса, анабиозго (тиричилиги өтө жай) өтүп, ным жетиштүү бол­гондо, кайра өсүүгө жөндөмдүү.