КРЫЛОВ
КРЫЛО́В Иван Андреевич (13. 2. 1769, Москва – 21 11. 1844, Санкт-Петербург] – орус жазуучусу, тамсилчи, Россия ИАнын мүчөсү (1811), Петербург ИАнын академиги (1841). Сатиралык «Почта духов» (1789) ж. б. жур-

налдарды чыгарган. «Кофе тарткыч» (1782), «Тентектер» (1787), «Филомела» (1788) ж. б. комедияларды жазган. К. орус ад-тында тамсил жанрын өнүктүргөн. К. «Модалуу дүкөн» (1807), «Кыздарга сабак» (1807) ж. б. комедиялары менен таанылган. Ал «Карышкыр менен козу», «Чегиртке менен кумурска» ж. б. тамсилдеринде адамдардын жана коомдун кемчиликтерин ашкерелеген. Анын тамсилинин тилин А. С. Пушкин, А. С. Грибоедов, Н. В. Гоголь ж. б. жазуучулар үлгү туткан. К-дун чыгармалары дүйнөнүн 50дөн ашык тилине (бир нече жолу кыргыз тилине) которулган. Кыргыз акын-жазуучулары (Тоголок Молдо, Ж. Бөкөнбаев ж. б.) К-дун тамсилдеринин үлгүсүндө чыгарма жазышкан. Тамсилдерин кыргыз тилине А. Осмонов, Р. Шүкүрбеков ж. б. которгон.
Чыг: Полн. собр. соч. в 3 т. М., 1944–46; Тамсилдер.
Ф., 1973.
Ад.: Степанов Н. Л. И. А. Крылов. Жизнь и творчество, 2-е изд., М., 1969; Кровин В. И. Поэт и мудрец. Книга об И. Крылове. М., 1996.