КРОНШТАДТ КОЗГОЛОҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРОНШТА́ДТ КОЗГОЛОҢУ (1921) – Совет бий­лигине каршы куралдуу козголоң. 28-февраль – 18-мартта Кронштадтта xет элдик интервенттер жана ак гвардиячылар менен байланышкан эсер­лер, анархисттер жана меньшевиктер чыгарыш­кан. Рев-ячыл моряктардын көбү жарандык со­гушка кетип, алардын ордуна дыйкан жашта­рынын келиши, о. эле азык-түлүк чачымына жана «согуштук коммунизм» саясатына дыйкан­дардын жана айрым жумушчу бөлүктөрүнүн наа­разылыгы себеп болгон. 1-мартта Якорь аянтын­дагы шаардык жалпы митингде козголоңчулар соода эркиндигин, комиссарлардын жоюлушун, солчул социал. партияларынын эркин иштешин жана Советтердин кайра шайлануусун талап кы­лышкан. Алар «Советтер коммунисттерсиз бол­сун!», «Бийлик коммунисттерге эмес, Совет­терге!» деген ураандар менен чыгышкан. 2-мартта С. М. Петриченко жетектеген «Убактылуу рево­люциячыл комитети» түзүлгөн. К. к-на каршы Совет бийлиги М. Н. Тухачевский жетектеген 45 миң кишиден турган 7-армияны жиберип, 18-мартта козголоң басылган.


Ад.: Семенов С. Н. Кронштадтский мятеж. М., 2003; Эврич П. Восстание в Кронштадте, 1921. М., 2007.