КРОМАНЬОНДУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРОМАНЬОНДУКТАР – азыркы турпаттагы соңку полеолиттик адамдардын (неоантроптор­дун) жалпылама аты. Франциядагы Кро-Мань­он (Cro-Magnon) үңкүрүнүн атынан аталган. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан табылган сөөк калдыктары б-ча белгилүү. Эң алгачкы­лары 40 миң жыл мурда жашаган. К. соңку по­леолиттин ар кыл археол. мад-ттарын түзүшкөн.