КРИТ
КРИТ (Krete) – Жер Ортолук деңиздин чыгыш
бөлүгүндөгү арал, Грекиянын курамында. Аянты 8,3 миң км2. Калкы 5,5 миңдей (2006). Түн. жээги булуң-буйткалуу, түштүгү тегиз, жардуу. Бир нече тоо массиви бар (эң бийик жери 2456 м, Ида чокусу), алар негизинен акиташ, сланец тоо тектеринен түзүлгөн; темир, күрөң көмүр кендери бар. Карст процесси өөрчүгөн. Жер ортолук деңиздик бадалдар (фригана), кырына жакын шалбаа өсөт. Жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тамеки эгилет. Кой чарбасы өнүккөн. Балык кармалат; деңиз былпылдактар промысели бар. Самариас коругунда тоо флорасы жана фаунасы корголот.
К. байыркы эгей мад-тынын борборлорунун бири болгон. Б. з. ч. 67-ж. чейин Рим империясы
каратып алган. 395–823-ж. жана 961–1204-ж.
Византиянын курамында; 823–961-ж. арабдарга караган. 1204-ж. К-ти кресттүүлөр каратып, Византияга саткан. 1715-ж. Осмон империясына караган. К-тин калкы 1821–29-ж-дагы Грек
рев-ясына, 1896–97-ж-да Осмон империясына
каршы көтөрүлүшүнө катышкан. 1898-ж. Осмон империясы Европ. державалардын кысымы жана «калкалоосу» астында К-ке адм. автономия берген. 1913-жылдан Грекиянын курамында. Антикалык жана о. кылымдагы маданий эстеликтери (ыйык жайлар, чептер, чиркөөлөр) бар. Негизги порттору: Ираклион, Ханья.