КРИПТОН
КРИПТО́Н (лат. Kryptonum), Kr – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобунда орун алган хим. элемент. Асыл газдарга кирет, ат. н. 36, ат. м. 83,80. 1898-ж. англ. химиктер У. Рамзай менен М.Траверс ачкан. К. түссүз, жытсыз газ.
Атм-да 3.10–4% болот (көлөм б-ча). К. 6 изотоптун аралашмасынан турат: окистенүү даражасы +2. К-дун молекуласы бир атомдон турат. Тыгызд. 3,745 г/л3, эрүү t – 157,1°С, кайноо t –153,2°С. Суюк абалындагы тыгызд.
2,472 г/см3, ал эми катуу абалында 3,100 г/см3. Катуу К. кубдук кристаллдык торчону, суу жана орг. заттар менен клатраттарды пайда кылат. К-дун фтор (KrF2), фенол, хлороформ ж. б. менен
бирикмелери алынган. К. өндүрүштө абадан алынат. 85Kr радиоактивдүү изотобун –-нурун
алуучу булак катары медицинада, индикатор катары коррозияны изилдөөдө ж. б-да колдонулат. Андан сырткары К. электр вакуум техникасында, ысытылып жарык берүүчү лампаларды, түстүү жарнама түтүктөрүн (ак түс) толтурууда да колдонулат. К. болоттон жасалган
баллондо 5–10 МПа басым астында сакталат.