КРИЗИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИ́ЗИС (грек. krisis – чечим– бурулуш пункт– натыйжа) – бурулуш учур– оор өткөөл мезгил– адам ишмердигинин чөйрөсүндөгү кандайдыр бир карама-каршылыктын курчушу– опуртал­дуу туруксуз абал. К. экон.– социалдык– фи­нансылык– акча-кредит– биржалык– агрардык– саясий– бул же тигил экон.– социалдык-саясий системанын (колониялык– капиталисттик– со­циалисттик)– дүйнөлүк валюта системасынын ж. б. болуп бөлүнөт.