КРЕДИТ-АКЧА САЯСАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕДИ́Т-АКЧА САЯСАТЫ – өлкө менен улуттук (борб.) банктын биргелешип иштеп чыккан мамл. экон. саясатынын багыттарынын бири. Жалпы жонунан К.-а. с. өлкөнүн экон. саяса­тынын максаты менен дал келет, бирок айрым субъекттерге, объекттерге байланыштуу өтмө жана тактикалык максаттарга ээ. К.-а. с-нын объекттери болуп акча рыногундагы сунуш жана талап эсептелет. Субъекти болуп, биринчи ке­зекте К.-а. с-н жүргүзүү укугуна ээ улуттук (борб.) жана коммерциялык банктар каралат. К.-а. с-нын багыты катары кредит экспансиясы жана рестрикциясы эсептелет. Ал негизинен айлануу­дагы акча каражаттарын көбөйтүүгө, ошол эле учурда коммерциялык банктардын кредит берүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталат.