КРАСНОЯР КРАЙЫ
КРАСНОЯ́Р КРАЙЫ – Россиянын Азия бөлүгүндөгү субъектиси. Чыгыш Сибирдин борб. бөлүгүндө, Енисейдин алабында жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) жана Лаптевдер деңиздери
чулгайт. Край Түндүк Жер, Норденшельд архипелагдарын жана бир нече аралды да камтыйт. Анын курамына Таймыр (Долган-Ненец) жана Эвенк р-ндору (өзгөчө статуска ээ) кирет. Аянты 2366,8 миң км2. Калкы 2,9 млн (2008). Адм.- айм. жактан 48 районго бөлүнөт. К. к-нда 23
шаарча, 41 шаар бар. Борбору – Красноярск ш.
Сибирь федерация округунун курамына кирет. Мамл. бийликтин органдар системасы крайдын 1996-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат.
Табияты адамдын жашоосуна эң четки түндүктө (Таймыр ж. а-нда) жагымсыз болсо, түштүгүндө жагымдуу. Экол. абалы канааттандырарлыктан өтө курч абалга чейин жетет. Ал жерсуунун, абанын комплекстүү бузулушуна, тоңдун аракетинен топурактын жакырданышына, жер алдында ядролук жардыруулардын кесепетине байланыштуу. Красноярск, Ачинск, Канск ш-нын айланасы өтө булганган. Край Россияда 1980-жылдан атменены зыяндуу заттар менен булгоо б-ча 1-орунда турат.
К. к. Түн. Муз океандын жээгинен Түш. Сибирь тоолоруна чейин (3 миң кмге) созулат. Түндүгүн Таймыр жарым аралы (анын борб. бөлүгүндө Бырранга тоолору жатат) жана Түндүк Сибирь ойдуңу ээлейт. Енисей д. крайды экиге бөлүп агат. Батышы жапыз (Батыш Сибирь түздүгү), чыгышында Орто Сибирь бөксө тоосу
(орт. бийикт. 500–700 м, эң бийик жери Енисей токол тоосу, 1104 м жана Путорана платосу, 1701 м) жатат. Түш. бөлүгүндө Чыгыш Саян (край чегинде бийикт. 2922 м; Грандиозный чокусу), Батыш Саян (2930 м), о. эле Абакан кырка тоолору жана Кузнецк Ала-Тоосунун чыгыш капталдары жайгашкан. Тоо аралык өрөөндөр бар. Климаты кескин континенттик. Январдын
орт. темп-расы түндүгүндө –30°Сден –36°Сге,

түштүгүндө –18––20°С. Июлдуку 13–20°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 200–300 мм, борб. бөлүгүндө 400–600 мм, түштүгүндө тоо капталдарында 800–1200 мм. Төмөнкү Тунгуска д-нан
түндүктү карай түбөлүк тоң кеңири таралган. Негизги дарыясы – Енисей, анын ири куймалары: Туба, Мана, Кан, Ангара, Абакан, Сым ж. б. Ири көлдөрү: Таймыр, Пясино, Лама, Шира. Негизинен күл, түштүгүн кара топурак ээлейт. Аймагынын басымдуу бөлүгүндө кызыл карагайлуу тайга өсөт. Түндүгүндө мамык чөп, эңилчек жана бадалдуу тундра, түштүгүндө токойлуу тундранын ичке тилкеси бар. Түштүгүндө тоо арасындагы өрөөндөрдө талаа жана токойлуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Кен байлыктарынан күрөң көмүр, нефть, никель, кобальт, платина, темир, алтын казылып алынат. «Столбы», Борб. Сибирь, Тунгуска, Таймыр, Саян-Шуша, Путорана, Чоң Арктика жана Шуша улуттук парктары уюштурулган.
Калкы негизинен орустар (89%), о. эле украин (2,3), татар, немис, беларустар да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 1,2 киши (2008). Православныйлар, протестанттар, католиктер, мусулмандар, иудейлер бар. Шаар калкы 75,8%. Ири шаарлары: Норильск, Ачинск, Канск, Железногорск, Лесосибирск, Минусинск, Зеленогорск.
Региондун дүң продукциясынын көлөмү 238,2 млн рубль, андагы ө. ж-дын үлүшү 63,2%, а. ч-ныкы 5,2%. Край түстүү металлургия (а. и. аллюминий ө. ж.) продукциясын өндүрүүгө, машина курууга (муздаткыч, тоңдургуч, Россияда 2-орунда, дан эгиндерин жыйноочу комбайндардын 33%ин чыгарат) адистешкен. Россияда токой ө. ж. комплекси менен өзгөчөлөнөт. Башкы
ө. ж. тармактары: түстүү металлургия, машина
куруу жана металл иштетүү, электр-энергетика

Красноярск ГЭСи.
(Красноярск, Саян-Шуша ГЭСтери, Назаровск, Красноярск жана Берёзовск ГРЭСтери), тамак-аш, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз. Крайдын а. ч. жакшы өнүккөн эмес. Дан эгиндери, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт-эт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Кой асыралып,
үй куштары багылат. А. ч-га жарактуу жери
5041,1 миң га (жер фондусунун 7,1%), а. и. айдоо аянты 1887,1 миң га, анын 57,7%ин дан эгиндери, 37,1%ин тоют өсүмдүктөрү ээлейт.
Табигый шартынын катаалдыгынан ички автомобиль магистралдары жокко эсе. Крайдын түндүктөгү аймактары менен аба, суу жолдору аркылуу катташат. Т. ж-нун уз. 2067 км, асфальтталган автомобиль жолу 13,2 миң км, суу жолунуку 7515 км (автономия округдарын кошпогондо). Башкы дарыя порттору: Красноярск, Ачинск, Минусинск, Енисейск, Лесосибирск. Жалпы билим берүүчү 1553 мекеме, 154 башталгыч жана атайын окуу жайлары, 31 ЖОЖ (а. и.
11 мамл., филиалдары менен), РИАнын Сибирь ил. бөлүмү, 14 театр (а. и. 3 муз., 2 куурчак), живописчи В. И. Суриковдун музей-чарбагы, китепканалар бар.
Ад.: Красноярский край // Большая Российская
энциклопедия. Спец. том. Россия. М., 2004; Красноярский край // Большая Российская энциклопедия. Т.
15. М., 2010.
Р. Карачалова.