КРАСИЛЬНИКОВ
КРАСИ́ЛЬНИКОВ Иван Павлович (15. 6. 1910, азыркы Саратов обл., Балтай р-ну, Балтай кыш. –

13. 1. 1968, Фрунзе) – Сов. Союз. Баатыры (1943). 1941-ж. Сов. Армияга чакырылганга чейин Фрунзедеги «Кондитер» артелинде мастер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 193-аткычтар дивизиясынын 685-аткычтар полкунда катардагы аткыч болуп, Харьков, Сталинград, Борб. фронтторунда салгылашкан. Висла д-ндагы салгылаштарга, Днепрден өтүүгө катышкан. Беларуссиянын Барановичи, Польшанын Гданьск, Германиянын Штеттин Гартц, Пенкун ж. б. шаарларын, Одер боюндагы жерлерди фашисттерден бошотушкан. Днепрден өтүүдө бөтөнчө эрдик көрсөткөн. Ленин ордени, 3-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.