КӨЧҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧҮҮ – жаныбардын убактылуу жагымсыз тиричилик шартына ыңгайлашуу максатында бир азга чукул жерге орун которуусу, б. а. жа­ныбардын азык издөө, душманынан жашынуу, эс алуу үчүн жер тандоо түрү. Жаныбарлардын көчүүсү мезгилдик жана кокустан болушу мүмкүн. Алар кээде мурда жашаган ордуна кайтып ке­лишет, мис., кашка чымчык, карга, таан ж. б. канаттуулар. Айрым учурда абдан тез көбөйүүчү түрлөрдө жапырт К. жүрөт, мис., чегиртке, ле­минг, тыйын чычкан ж. б. жан-жаныбарлар­дын К-сү.