«ЗАЙН АЛ-АХБАР»
«ЗАЙН АЛ-АХБАР» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – перс (фарси) тилинде жазылган Гардизинин тарыхый эмгеги. 299 беттен турган кол жазма ар кандай тарыхый, географиялык, этнографиялык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен исламдан мурунку перс шахтары, 423/1032-жылга чейинки Мухаммед пайгамбар жана халифтер, ошондой эле арабдар басып алган мезгилден 432/1041-жылга чейинки Хорасандын тарыхын камтыйт. Гардизи бул эмгегин жазууда VIII кылымда жашаган ибн Мукаффанын «Руб'ал-дунйа», IX кылымдагы араб географы ибн Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», X кылымдын авторлору ибн Рустанын «Ал-алак ан-нафиса», Ахмад ас-Салламинин «Tapих фи ахбар вулат Хорасан» сыяктуу ж.б. эмгектерди пайдаланганын эскерет. Гардизинин бул эмгегине В. В. Бартольд жогору баа берип, аны Хорасан жана Мавераннахрдын тарыхын окутууда негизги булактардын бири катары эсептеген.