ЗЕМАРХ
ЗЕМА́РХ Киликиялык – Византиянын императору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–569). Түрктөр Византиянын колдоосу менен Персияны алсыратып, Улуу Жибек жолун көзөмөлгө алууну көздөшкөн. Ошондуктан түрк каганы (552–576) Истеми (Менандр боюнча «Дизавул»; б. а. «жабгу» деген түрк титулунун бузулуп айтылышы) 568-жылы Константинополго согдиялык Маниах башында турган элчилигин жөнөтүп, эгер зарылчылык туулса перс жана авар урууларына каршы биргелешкен аскердик жүрүш жасоо тууралуу макулдашкан. Жооп катары 568-жылы августта римдиктер Маниах менен бирге өз элчилигин жөнөткөн. Ал элчиликти Византиянын чыгышындагы шаарлардын башчысы Земарх жетектеген. Алар Кавказ, Каспий деңизин айланып, Ак-Тоо (Эктаг) жакын Истеми кагандын кабыл алуусунда болушкан. Византиялык элчилердин максаты да түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алардын ою орундалып, түрк каганы Земархты жанына алып перстерге каршы согушка аттанган. «Талас өлкөсү (hora)» деген жерде түрк каганына перс элчилери келген, бирок каган аларды жакшы кабыл алган эмес. Каган Земархка «күң катары херхирлердин (кыргыздар) колго түшкөн кызын тартуулаган». Маниахтын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Земарх кайта турган маалда Истеми каган аны менен Византияга Тагма деген башка элчисин жөнөткөн. Башка бул элчи тууралуу башка маалыматтар жолукпайт. Айрым тарыхчылардын пикиринде ал Маниахтын уулу болгон. Өз милдетин толук аткарган Земарх кайтып келгенден кийин көргөн-билгендери тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген.
Ад.: Византийские историки Дексипп, Эвнапий, Олимпиодор, Малх, Пётр Патрикий, Менандр, Кандид, Ноннос и Феофан Византиец /Пер. с греч. СПб., 1860; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-ое доп. изд. 2004; Жданович О. П. Посольство Земарха в ставку тюркского кагана (перевод и комментарии фрагментов труда Менандра Протектора). //Золотоордынское обозрение. 2014. № 2.
Т. Жуманалиев.