КАРАГАТ
КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдактар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, кычкыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорунда көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары –кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),

сары карагат (R. aureum Purch.). Кыргызстанда негизинен кара ж-а кызыл карагат өстүрүлөт. К а р а карагат мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% кислоталар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азоттуу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг% ке чейин Р витамини, ошондой эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. Карагаттын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө карагаттын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл карагаттын мөмөсүндө 4–10% кант, 2–4%и лимон кислотасы, С витамини (30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, ошондой эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: карагат таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдеттери: антракноз, дат ж. б.
Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.