КЛАПРОТ
КЛА́ПРОТ Генрих-Юлий (11. 10. 1783, Берлин – 27. 8. 1835, Париж) – ориенталист, лингвист, синолог, академик (1807). Кытай тилине кызы-
гууну гимназиядан баштаган. 1801–02-ж. Галле ун-тинeн классикалык филология б-ча билим алгандан кийин Веймар ш-нда немиc тилиндеги «Азия дүкөнү» («Asiatisches Magazin», 1802) журналынын 1-санын чыгара баштаган. Көп өтпөй Россия ИАнын аскер аспирантурасына (адъюнктантура) чакырылып (1804), Кытайга элчиликти коштоп барууга мүмкүнчүлүк алган (1805). Иркутск, Кяхта ш-нда кыргыз, башкырт, тунгус, якуттардын тили, үрп-адаты м-н таанышып, анын негизинде сөздүктөрдү түзгөн ж-а ал тилдерди классификациялап, моңгол, манжур тили б-ча лингв. маалымат жыйнаган. Петербургга кайтып келгенде (1807) экстраординар академик деген наам ыйгарылып, Александр I 300 сомдук пенсия чектеген. Россия ИАнын тапшырмасы м-н Кавказда этногр. изилдөөлөрдү жүргүзүп (1808), анын негизинде жазган «Aзия адабияты, тарыхы жана сөздүгү боюнча архив» («Archiv fur asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde») деген эмгегин француз, немис тилдеринде жарыялаган. 1818-жылдан Парижде иштеп, кытай тилинен которууга кошумча түшүндүрмөлөр киргизген. Манжур хрестоматиясын түзгөндүгү үчүн азия тили ж-а ад-ты б-ча профессор наамын алган. Кытай тилинин кээ бир өзгөчөлүктөрү тууралуу Н. Я. Бичурин (Иакинф) м-н талаш-тартыш жүргүзгөн. К-тун эмгегинде кыргыздар ж-дө да кеңири маалымат кезигет.
Ад.: Веселовский Н. Клапрот Ю.-Г. // Русский биографический словарь (Ибак-Ключарев). СПб., 1897.
Э. Турганбаев.