«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ»
«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ» – Кыргыз телерадио компаниясынын телетасмаларды чыгаруучу студиясы. 1969-жылы чыгармачыл бирикме катары уюшулуп, 1973-жылы студияга айланган. Студия чыгарган алгачкы көркөм телетасма «Ак Мөөр» (режиссёру М. Убукеев), Кыргыз эл акыны А. Токомбаевге арналган «Күүнүн сыры» (автору У. Токомбаев), «Көз айнекчен» (режиссёру А. Видугирис; 47 өлкө сатып алган), «Сокур кемпир көрөгөч», «Той» (режиссёру А. Айтыкеев) аттуу тасмалар фестивалдардын байге, дипломдоруна татыган. Республикада «Ой-Арт», «Бегим», «Айтыш фильм» жана башка менчик студиялар да иштейт. «Кыргыз телефильм» студиясынын туңгуч директору жана башкы редактору: К. Өмүркулов, кийин У. Токомбаев (башкы редактору) болгон. Студиянын директорлору: И. Усубакунов, Э. Сарыбаев, К. Орозалиев, Г. Базаров, Т. Ибрагимов, 2006-жылдан А. Жангазиев. (Сүрөтү жогоруда).
