«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ»
«КЫРГЫЗТЕЛЕФИЛЬМ» – КТРКнын телефильмдерди чыгаруучу студиясы. 1969-ж. чыгармачыл бирикме катары уюшулуп, 1973-ж. студияга айланган. Студия чыгарган алгачкы көркөм телефильм «Ак Мөөр» (реж. М. Убукеев), Кыргыз эл акыны А. Токомбаевге арналган «Күүнүн сыры» (автору У. Токомбаев), «Көз айнекчен» (реж. А. Видугирис; 47 өлкө сатып алган), «Сокур кемпир көрөгөч», «Той» (реж. А. Айтыкеев) аттуу фильмдер фестивалдардын байге, дипломдоруна татыган. Респ-да «Ой-Арт», «Бегим», «Айтышфильм» ж. б. менчик студиялар да иштейт. «К.» студиясынын туңгуч директору ж-а башкы редактору: К. Өмүркулов, кийин У. Токомбаев (башкы редактору) болгон. Студиянын директорлору: И. Усубакунов, Э. Сарыбаев, К. Орозалиев, Г. Базаров, Т. Ибрагимов, 2006-жылдан А. Жангазиев. (Сүрөтү жогоруда).
