КҮМҮШАЛИЕВА Сабира

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШАЛИЕВА Сабира [19. 3. 1917, Пишпекке (азыркы Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш кыштагы14. 9. 2007, Бишкек] – кино жана театр артисти, Кыргыз эл артисти (1964), Кыргыз Эл Баатыры (2001). 1932-жылы Фрунзе педагогикалык техникумун бүтүрүп, 1932–

1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан өмү­рүнүн акырына чейин Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында актриса болуп иштеген. С. Күмүшалиева та­бигый таланты, аткаруучу­лук чеберчилиги менен кино жана театр искусствосуна болгон сүйүүсү ширелишип, бүтүндөй жан дүйнөсүн ээлеп алган. Ар бир образдын жүзүн ачууда С. Күмүшалиева баарынан мурда каар­мандын мүнөздүк өзгөчөлүгүн табууга умтулган. 75 жылдык өмүрүн кино жана театр искусствосуна арнап, кыргыз театры менен киносунда эле эмес, казак киносунда да өз изин калтырган. Ал алгач Карачач (К. Жантөшев, «Карачач»), Ситайхо, Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Телли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Зуу­ра (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей») жана башка

Т. Касымбеков, К. Сак­танов. «Курманжан датка» (1989). Кем­пир – С. Күмүша­лиева.

рол­дорун аткарып, ийгиликке жетишкен. 1940-жыл­дарда Кузька (Н. Погодин, «Ааламдын жара­лышы»), Л. Шевцова (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Күлгаакы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Батыйна, Бурма (Т. Абдумомунов, «Каркыра­лар кайтканда», «Жыгылган оогонго күлөт» жана башкалар) сыяктуу каармандарды сахнага алып чыгып, чебер сүрөткер катары таанылган. Ошондой эле комедиялык, курч мүнөздүү образдарды да мык­ты аткарган: Фан-и (Цао Юй, «Тайфун»), Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Майсалбүбү (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Оңолкан (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»),

Күмүшалиева С. – чоң эне. «Уркуя» тасмасынан кө­рүнүш. 1972.

Шербет (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), дүлөй кемпир (М. Тойбаев «Өчпөс жылдыз») жана башкалар. «Жапалак Жатпасов», «Алтын кыз», «Евгений Онегин», «Кыз жибекте» таасирдүү образдарды жараткан. Дүйнөлүк, кыргыз жана орус класси­касында ондогон ролдорду («Отеллодо» Бьян­ка, «Он экинчи түндө» Мария, экөө тең У. Шекспирдики; «Бернард Альбанын үйү» Мария Хасефа, Г. Лорка; «Күнөөсүз күнөөлүүлөрдө» Гальчиха, А. Островский; «Акылдан азапта» Кня­гиня, А. Грибоедов жана башкалар) чебер ойногон. Кино­до 1957-жылы биринчи жолу «Муз жүрөк жөнүндө баян» тасмасында Айнакандын ролун аткарып, кийин «Эрте жаздагы турналар», «Жамийла», «Караш-караш окуясы», «Бакайдын жайыты», «Бөрү зындан», «Кызыл алма», «Ак куулар кон­гон айдың көл», «Лифти бар үйдөгү тепкичте», «Он үчүнчү небере», «Арман», «Атадан калган туяк», «Куш өмүр», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Эл ичинде» көркөм тасмаларында мыкты об­раздарды жараткан. Өзгөчө Уркуянын энесинин («Отко таазим»), Карыздын («Ак кеме») бейне­лери кыргыз киносундагы кайталангыс образ­дар болуп саналат. С. Күмүшалиева түрдүү пландагы масштабдуу мүнөз түзүүнүн өзгөчө чебери болгон. «Казакфильмдин» «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» жана башка тас­маларына тартылган. Акыркы ролдорунун бири «Курманжан датка» спектаклинде башкы каармандын ички жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кеменгерлигин, даткалык милдеттин оорлугун жеткиликтүү ачып берген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак» белгиси, «Эл достугу» ордендери жана «Ак шумкар» медалы менен сыйланган.