КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТРИ
КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТРИ А. Ж у м а к м а т о в а т н. – муз. коллектив. 1969-ж. башында алгач 28 музыканттан турган камералык оркестр түзүлгөн, 1969- жылдын декабрында Кыргыз ССР телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими м-н курамы 46 музыканттан турган симф. оркестр уюшулган. Көркөм жетекчиси ж-а башкы дирижёру А. Жумакматов (2008-ж. чейин) болгон. 1970-жылдын 9-февралында оркестрдин тушоо кесүү концерти өткөрүлүп, комп. М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Жаныбеков, М. Бурштин, А. Мурзабаев ж. б-дын чыгармалары аткарылган. Оркестр кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ырларынан тартып, көлөмдүү симф. чыгармаларга чейин КР телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жаздырган. Азыркы күндө оркестр КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты оркестрлердин катарында. Оркестрдин коштоосунда кыргыздын атактуу ырчылары гана эмес, СССР эл арт. Е. Образцова, Е. Нестеренко, И. Архипова, Т. Куузик ж. б. да ырдашкан, белгилүү дирижёрлор Е. Светланов, А. Журайтис, Б. Хайкин, Ю. Домаркос, Ю. Темирканов ж. б. дирижёрлук кылган ж-а А. Хохлов, И. Машкевич, А. Георгиев, Ж. Каныметов, Н. Рысалиев, Р. Осмоналиев ж. б. музыканттар да иштешкен. 2004-ж. оркестрге А. Жумакматовдун ысмы берилген. 2008-жылдан азыркы КР Мад-т ж-а туризм министрлигине караштуу, башкы дирижёру – Р. Осмоналиев.