КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ
КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ – үйлөнүү тоюна күйөө балага жолдош болуп барган жигит. Ал элдик салтка байланыштуу ар кандай оюн-тамашаларды уюштурат, жигит тараптын намысын коргойт. К. ж-ко шайыр, чукугандай сөз тапкан, салтты жакшы билген жигиттер тандалат.